17.05.2018 18:08

Эл өкүлдөрү ЖЭБдеги аварияны иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун колдошту

Эл өкүлдөрү ЖЭБдеги аварияны иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун колдошту

Жогорку Кеңеште ЖЭБдеги авариянын себептерин жана 386 млн. долларлык насыянын максаттуу пайдаланылышын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун бир добуштан колдошту.  

Ал корутундуда Кытайдан насыя алуу үчүн документтерге  кол койгон жетекчилерге укуктук баа берүү сунушталган. Алардын арасында мурунку өкмөт башчылары жана министрлер дагы бар. Баш-аягы 30га жакын адам.

Тактап айтканда: мурунку өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев менен Жоомарт Оторбаев, Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн ошол кездеги башчысы, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, “Улуттук энергетикалык холдингдин” жана Энергетика министрлигинин мурдагы жетекчиси Айбек Калиев, мурдагы экономика министри Темир Сариев, Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Турсунтай Салимов, Гүлнара Жамгырчиева, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, мурдагы каржы министри Ольга Лаврова, Каржы министринин азыркы орун басары Мирлан Байгөнчөков, мурдагы юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов, Экономика министринин мурдагы орун басары Санжар Муканбетов, Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Экотехинспекциянын башчысы Канатбек Муратбеков, Курулуш жана архитектура агенттигинин мурдагы башчысы Турдубек Мамбетов, “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы башчылары Салайдин Авазов, Абдылда Исраилов, Таалайбек Толубаев, Узак Кыдырбаев, Бишкек ЖЭБинин экс-директору Нурлан Өмүркул уулу, Бишкек ЖЭБинин учурдагы директору Андрей Воропаев, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин учурдагы башчысы Улан Рыскулов, Экотехинспекциянын инспектору Шараф Ачилдиев, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин мамлекеттик экспертиза департаментинин экс-директору М.Акматалиев, ӨКМнын Өрткө каршы агенттигинин Д.Абдираев.

Депутаттардын корутундусунда TBEA компаниясынын чакыруусу менен Пекинге барып келген депутаттардын да аты аталды. Алардын арасында мурунку чакырылыштын депутаттары  Чыныбай Турсунбеков, Мурадыл Мадеминов, Токтогул Туманов, Малик Осмонов, Абдулатип Режавалиев, Карганбек Самаков, Райкан Төлөгөнов, Азамат Арапбаев, Абдимуталип Кочкорбаев, Бактыгул Маматов, Равшан Жээнбеков  жана Исхак Пирматов бар.

Мындан тышкары, президентке, Жогорку Кеңешке жана  башкы прокуратурага алынган 386 миллион доллар насыянын максаттуу пайдаланылганын, жасалган иштердин жана сатылып алынган жабдыктардын наркын, жооптуу адамдардын аталган кытай компаниясы менен байланышын текшерүү сунушталды.