30.10.2018 11:56

Элдин эсебинен эс алгандар депутаттар

Элдин эсебинен эс алгандар депутаттар

Элдин эсебинен эс алгандар тизмеси Лунара Мамытова менен бүтүп калбайт. Келген мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, мамлекет акчасына саякаттап келүүгө эч ким каршы эмес. Буга чейин социалдык өнүгүү министрлигиндеги кызматкерлер саякаттайм деп жүрүп, сайда аркандалып кызматынан кол жууганын көргөнбүз. Аларды алгачкылардан болуп Жогорку Кеңеш кодулап чыккан. Бирок, эл өкүлдөрүнүн арасында командировка дегенде эки көзү төрт болгондор толтура экен.

Депутаттардын алды жок дегенде 2 жолу эл кыдырып келсе, арты 5-6 ирээт башка өлкөгө барып келишкен. Чыгымдардын кээ бирин чакырган тарап көтөрсө, калганы баягы эле байкуш бюджеттин мойнунда. April.kg жер кыдырган депутаттарды тизмеге салган.