09.06.2018 16:09

Элдин милицияга ишеними калбады

Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратында 19 жаштагы Бурулайдын бычакталышы трагедиялуу окуялардын акыркысы болушу керек. Мындай талапты эл өкүлдөру ички иштер министрлигинин коомдук кеңешинин отурумунда койду. Буга чейин колдонулган чаралар жетишсиз, курч камга барып, керек болсо ИИМ жетекчилерин отставкага кетирип гана тынабыз дейт депутаттар. Отурумга катышкан милиция башчыларынын айрымдары кыз ала качуу фактысы кылмыш деп эсептебээри, чогулгандардын кыжырын келтирди. Укук коргоо өлкөдө эмне себептен аксап жатат? Кеңеште жаңырган депутаттардын суроолору менен Ички иштер министрлигинин актануулары төмөнкү видеодо.