«Электр станциялары» ишканасынын карызы 1,5 миллиард сомго өстү

«Электр станциялары» ишканасынын карызы 1,5 миллиард сомго өстү

«Электр станциялары» ишканасынын карызы 1,5 миллиард сомго өстү. Бул туурасында  аталган мекеменин берген маалыматында кабарланган.

Ишкананын карызы көп жылдык насыяны кошпогондо,  4 млрд 710 млн сом болгон. Бул өткөн жылга караганда 1 млрд 533 млн сомго көп.  

«Электр станциялары» ишканасынын насыя берүүчүлөргө карызы 1 млрд 533 млн сомго көбөйгөн.  

Кызмат көрсөтүү жана капиталдык салымга 2 млрд 75 млн сом бересеси бар.  

Эмгек акыга социалдык төлөм алынгандан кийин 175,5 млн сом карыз. Ошондой эле  салык төлөмдөрү мурунку жылга салыштырмалуу 46,6 млн сомго, энергия ташуучуларга  138,8 млн сомго кыскарганы айтылат.