17.10.2018 14:25

Карызы барларга жылуулук кеч берилет

Карызы барларга жылуулук кеч берилет

Бишкек ЖЭБи даяр болгону менен жылуулук баарына берилбейт. Мисалы, мамлекетке карызы бар адамдар күндүн суугуна үшүп калышы толук мүмкүн. "Бишкек жылуулук тармагы" ушундай жол менен элдеги аласасын чогултуп алууну көздөп жатат. Көп кабаттуу үйдө акчаны убагында тапшырбай койгон бир нече абоненттин айынан жалпы тургундар жылуулуксуз калаары айтылып жатат. Үйлөрдүн алдына илинген мындай билдирүү сууктан көнүлу калган Бишкектиктерди кабатыр кылууда.