Эрнис Кыязов "5-каналдын" башкы директору болуп шайланды

Эрнис Кыязов "5-каналдын" башкы директору болуп шайланды

Эрнис Кыязов "Бешинчи каналдын" башкы директору болуп шайланды. Бул туурасында Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлк  фондунан билдиришти. 

"5-канал" Жабык акционердик коомунун жалгыз акционери "Жыйырма бешинчи кадр" ЖАКынын 2-майдагы чечими менен Кыязов Эрнис Абибиллаевич "Бешинчи каналдын" башкы директору кызматына киришти.

Эскерте кетсек, 2007-жылдын 12-февралында алгач ирет эфирге чыгып баштаган "5-канал" 2017-жылдын 28-декабрында акыркы ирет жаңылыктарын эфирге чыгарып, каналдын чыгармачыл жамааты өз ишмердигин токтоткон болчу.