22.04.2019 15:03

Эртең "Ата-Мекен" партиясы да Бишкекте митингге чыгат

Эртең "Ата-Мекен" партиясы да Бишкекте митингге чыгат

Митинг жолу менен адилеттикке жеткиси келгендердин тизмеси КСДП менен бүтүп калбайт. Эртең "Ата Мекенчилер" Эски аянтта чогулат. Аталган жерде Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карай турган Жогорку Соттун имараты жайгашкан.

Партиянын өкүлдөрү митингге 6 миңден ашуун адам келет деп айтып жатышат. Алардын катарына Садыр Жапаровдун да тарапташтары кошула турган болду. Талап бирөө -Текебаев баштаган 3 саясатчы эркиндикке чыгышы керек.