11.07.2018 13:11

Эңилчек тоолорунда кыйраган аскер тик учагы эмнеге туристтерди ташып жүргөн?

Аскер тик учагы турфирманын тапшырыгын аткарып жатып, кырсыкка учураган. Башкы штаб бул маалыматты тастыктады. Ага ылайык, тик учак туристтер үчүн азык-түлүк жана дары-дармек жеткирип баратып кулап түшкөн. Бирок буга чейин аскер техникасы Ысык-Көлдөгү Эңилчек тоолоруна альпинисттерди куткарууга жиберилгени айтылган эле.