26.05.2020 09:10

Factcheck.kg: Депутат Гүлшат Асылбаева дагы бир россиялык мыйзамды көчүргөн

Factcheck.kg: Депутат Гүлшат Асылбаева дагы бир россиялык мыйзамды көчүргөн

Factcheck.kg буга чейин биздин депутаттардын  россиялык мыйзамды сөзмө-сөз көчүргөнүн аныктаган: «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорунда плагиат, ал эми анын маалымкат-негиздемесинде бир нече ката жана манипуляция табылган.  Анын демилгечилери Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова. Маалыматка караганда Асылбаева дагы бир россиянын мыйзамын көчүрүп алган.

Фактчекерлердин иликтөөсүн келтиребиз:

20-майда Гүлшат Асылбаева жана Асылбек Жээнбеков жетектеген депутаттар тобунун демилгеси менен “Балдарды алардын саламаттыгына  жана өнүгүүсүнө залал келтирүүчү маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтында жарыяланды. 

Мыйзам долбоорунун аталышы аркылуу издөө салып, 2010-жылы 29-декабрда кабыл алынган Федералдык мыйзамга туш болдук.

Текшере келгенде, Гүлшат Асылбаева, Асылбек Жээнбеков жана башка депутаттар сунуштаган мыйзам долбоору россиялык мыйзамдын сөзмө-сөз көчүрмөсү болуп чыкты.

Бир гана айырмачылыгы, мыйзам долбоорунун 3-беренесинде эл аралык келишимдердин үстөмдүгү көрсөтүлгөн.

 2. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде ушул Мыйзамда каралгандан башкача эрежелер каралса, эл аралык келишимдин нормалары колдонулат (россиялык мыйзамдан айырмаланган жападан жалыз пункт).

Дагы бир чакан айырма — балдардын жаш курагында. Россиялык мыйзамда 6 жашка чейинки жана андан кийинки жаш курактагы балдар үчүн маалыматтык өндүрүмдөр деп берилсе, кыргызстандык мыйзамда — 7 жаш жана андан жогору деп айтылат,  ал эми 100 метр аралык 200 метр  болуп өзгөрүп калган. Балдарга зыян келтирүүчү маалыматты балдар мекемелеринен дал ушул аралыкта жайылтууга жол берилбейт. 

Россиялык мыйзамды көчүрүүдө эл өкүлдөрү ката кетиргенге да жетишкен.

Эл өкүлдөрү сунуштаган мыйзам долбоору text.ru кызматы аркылуу текшерилип, россиялык мыйзамдын беренелерине 86% дан 100% на чейин окшоштуктар табылды. (бир гана 3-беренеде  66% гана окшоштук табылган).

 

Эки мыйзамдагы болгон айырма — мамлекеттик органдардын жана өлкө аталыштары.

Бул шилтеме аркылуу өтүп, мыйзамдардын куюп койгондой окшош экенине күбө болсоңуздар болот.

 

Жыйынтык: “Балдарды алардын саламаттыгына  жана өнүгүүсүнө залал келтирүүчү маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору россиялык тиешелүү мыйзамдын сөзмө-сөз көчүрмөсү болуп саналат.