29.03.2018 13:04

Ферганада чектеш облус жетекчилер кеңешинин алгачкы жыйыны өтүүдө

Ферганада  чектеш облус жетекчилер кеңешинин алгачкы жыйыны өтүүдө

Ферганада чектеш облустардын башчыларынын жолугушуусу өтүүдө. Кыргыз тарапты премьер-министр ­-  Сапар Исаков, Өзбекстанды  аталган өлкөнүн өкмөт башчысы Абдулла Арипов жетектөөдө.

Сапар Исаков өзбек тарапка меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди. «Бизди абдан жылуу тосуп алышты. Элдер алардын жашоосун жакшыртуу үчүн биз көрүп жаткан аракеттерге кубанычта», — деп билдирди.

 Ал бүгүнкү Кеңеш эл аралык деңгээлде байланыштарды өнүктүрүү жана эки өлкөнүн чектеш облустарынын кызматташтыгын кеңейтүү максатында 2017-жылдын 5-7-сентябрында Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеевдин Бишкекке келген мамлекеттик сапарында кол коюлган эки өлкө Өкмөттөрүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү Меморандумга ылайык түзүлгөнүн эске салды.

Сапар Исаков ошондой эле, акыркы убактагы жетишкендиктер тууралуу белгилеп кетти: Кыргызстандын аймагында жаңы объектилердин курулушу, автоөндүрүш жаатында кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасынын ачылышы.

«Биз бир орунда турбашыбыз керек, алдыга ыкчам кадам таштоо зарыл. Жолугушуулардын мындай форматы ортодо чыгып жаткан тоскоолдуктарды азайтууга мүмкүнчүлүк берет. Ишканалар үчүн мындан дагы жакшы шарттар түзүлүшү керек», — деди өкмөт башчы.