28.04.2020 13:46

ЖАМК: Сапар Исаков карантинге алынды. Ага психолог жана дарыгерлер көзөмөл салып турушат

ЖАМК: Сапар Исаков карантинге алынды. Ага психолог жана дарыгерлер көзөмөл салып турушат

Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Салайдин Авазов жазаларын өтөп жаткан мекемеде карантинде. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, абакка башка жактан келген соттолуучулар сөзсүз түрдө 14 күндүк карантинде болушат. Аларга өзүнчө бөлмө берилип, медицина кызматкерлери, психологдор жана мекеменин башка кызматкерлери көз салып турат. Жактоочулар карантин аяктаганда, камактагылар менен жолуга алышат.

“Сапар Исаков жана башка соттолгондор колония башчысына анын жеке коопсуздугун камсыз кылуу үчүн арыз менен кайрыла алышат. Бирок бүгүнкүгө чейин жаңы соттолуп келгендер, анын ичинде Исаков да коопсуздугун камсыз кылуу боюнча эч кандай өтүнүч келтирген эмес. ЖАМК кызматкерлери менен жеке сүйлөшүү учурунда Сапар Исаков адвокаты Замир Жоошев менен жолугушууну жана сүйлөшүүнү каалабагандыгын билдирди. Мындан улам жактоочуну коомчулукту адаштырган маалымат берүүдөн оолак болууга чакырабыз”, — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо коррупциялык иштерге барган деп Исаков менен кошо айыпталып соттолгон “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов (№27 абакка) менен экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев (№47 абакка) дагы башка абакка которулгандыгына байланыштуу карантинге алынышкан.