Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары дайындалды

Мыктыбек Абиров Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди. 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун буйругуна ылайык,  Абиров Мыктыбек Медетбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.