Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду

Айбек Кадыралиев КР Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.  

Айбек Кадыралиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.