08.05.2019 16:22

Фронттон кат: кыргызстандыктар туугандарына эмне деп кат жазышкан?

Фронттон кат: кыргызстандыктар туугандарына эмне деп кат жазышкан?

"Согуш түрүн адамга көрсөтпөсүн..." Бул катардагы жоокер Курманбек Казакбаевдин 1944-жылы үйүнө, Ак-талаага жазган каты. Бүктөлгөн дептер барагы эң таза сезимдерди, сагыныч аралаш кубаныч, сүйүүсүн батырып, кан майдан менен кичи мекенди байланыштырган жалгыз каражат эле. Эч кандай конвертке салынбай, марка чапталбаса деле дарегин таамай таап келген үч бурчтук бүктөлгөн каттар бугүн ошол убактын демин ташыйт.