16.05.2020 17:40

"Фрунзе" " гипермаркетинин коронавирус жугузуп алган сатуучу 48 адам менен байланышта болгон

"Фрунзе" " гипермаркетинин коронавирус жугузуп алган сатуучу 48 адам менен байланышта болгон

Калаадагы Фрунзе" гипермаркетинин коронавирус жуктуруп алган кызматкери 48 киши менен байланышта болгон. Бул тууралуу Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова брифингде билдирди.

Белгилей кетсек, 12-май күнү Бишкектеги Vefa соода борборунун алдындагы "Фрунзе" гипермаркетинин сатуучусунан вирус чыккандыгы тууралуу айтылган. Кызматкер өзү Санэпидемкөзөмөл кызматына кайрылып, вирустун белгилерин сезип жатканын билдирген.

Ушундан улам вице-мэр Татьяна Кузнецова өзгөчө зарылчылык болбогон учурда үйдөн чыкпоого жана сыртта жүргөндө болушунча башкалар менен аралыкты сактоого чакырды.

Ушул тапта шаарда вирус жуктуруп алгандардын саны 305 адам экенин, ал эми байланышта болгондор 648 кишиге жеткенин белгиледи.

Учурда коронавирус инфекциясына чалдыккандардын саны 1117 адамга жетти. Алардын ичинен 783 адам айыгып чыкты. 14 адам көз жумган.

11-майдан тартып Кыргызстан боюнча өзгөчө кырдаал абалы күчүндө. Коомдук транспорт жүрө элек. Жолдо жүрүү үчүн буга чейин алынган уруксаат кагаздар жокко чыгарылган.