Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейине жаңы башчы дайындалды

Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейине жаңы башчы дайындалды

Айгүл Мамбетказиева Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Дайындоо тууралуу буйрукка министр Азамат Жаманкулов кол койду.

Айгүл Мамбетказиева 1955-жылы туулган. Ал Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган (1973-1978). Алгачкы эмгек жолун Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде иштеп баштаган. Бүгүнкү күндө ал аталган музейде башкы сактоочу болуп эмгектенет.

Эске салсак, Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде 27-ноябрда феминнале аттуу айымдардын укугуна арналган көргөзмө башталган. Бирок көргөзмө коомчулукта эки ажырым ой жаратып, чыр менен коштолууда. Жыйынтыгында музейдин директору Мира Джангарачева кол алдындагы кызматкерлердин жэана көргөмө уюштуруучуларынын коопсуздугунан коркуп кызматынан өз ыктыяры менен кетти.