15.05.2020 09:00

Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарынан 59 кыргызстандык келди

Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарынан 59 кыргызстандык келди

Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарынан Бишкекке Кыргызстандын 59 жараны кайтты. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты. Маалыматка караганда кыргызстандыктар «Condor Airlines» германиялык авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен учуп келишкен.

Бул каттам «Sea Chefs» круиздик лайнерде иштеген 48 КР жаранын, ошондой эле буга чейин авиабилет сатып алган Германиядагы 11 кыргызстандыкты мекенине кайтаруу максатында «TUI CRUISES» компаниясы тарабынан уюштурулганы айтылат.

Азыркы учурда бардык келген жарандар бекитилген тартипте обсервацияга көзөмөлгө жайгаштырылды.

Дүйнө жүзүндө COVID-19 коронавирусунун пандемиясынан улам жүргүнчү ташыган эл аралык авиабилдирүүнүн токтотулушуна байланыштуу, чет мамлекеттердеги мекендештерди кайтаруу боюнча Президенттин тапшырмасын аткаруунун алкагында жүргүзүлгөн иш улантылып жатат.