04.06.2018 18:05

Гватемаладагы жанар тоонун атылышынан кеминде 25 киши өлдү

Гватемаладагы  жанар тоонун атылышынан кеминде 25 киши өлдү

Гватемалада Фуэго жанар тоосу атылып, кеминде 25 киши өлдү, 300дөйү жаракат алды, 2000ден ашууну коопсуз жайларга көчүрүлдү. Бул тууралуу ВВС билдирет.

Учурда жанар тоо атылуусун улантууда, жергиликтүү бийлик курмандыктардын саны өсүшү ыктымал деп эскертти. Reuters маалымдагандай, лаванын агымы бир кыштакты басып калды.

Жанар тоонун атылуусунан улам Ла-Аурора эл аралык аэропортунун жалгыз учуп-конуу тилкеси жабылды.

Өлкөдө коркунучтун “саргылт кызыл” деңгээли киргизилди. Үч департаментте максималдуу деп эсептелген коркунучтун “кызыл” деңгээли жарыяланды.

Улуттук вулканология, сейсмология жана метеорология институтунун адистери маалымдагандай, вулкандын күлү деңиз деңгээлинен 10 чакырым бийиктикке чейин жетүүдө.

Фуэго жанар тоосу өлкөнүн борбор шаарынан 40 чакырым алыс аралыкта жайгашкан. 1974-жылдан бери мынчалык ири атылуу катталган эмес.