15.08.2018 09:00

Италияда автоунаалар өтчү көпүрө урап, 30 адам каза тапты

Италияда автоунаалар өтчү көпүрө урап,  30 адам каза тапты

Италиянын Генуя шаарына жакын жерде автоунаалар өтчү Моранди көпүрөсү урап түшүп, андан каза тапкандардын саны 30 адамга жетти. Бул туурасында Reuters агенттиги Италиянын вице-премьери Маттео Сальвиниге таянып жазып чыкты.

Ал ошондой эле, кырсыктан көптөгөн адамдар жабыркаганын билдирип, бирок так санын айткан жок. Жарандык коргоо департаменти болсо, он чакты адам дайынсыз жоголгонун маалымдады.     

Куткаруучулар урандылардын астынан жабыркагандарды таап чыгып, ооруканага жеткирүүдө. Кырсык шейшемби күнү эртең менен катталган.

Италиялык ЖМКлардын маалыматына караганда, көпүрө урап түшкөн маалда анын үстүндө 20 чакты унаа бар болчу. Көпүрөнүн жалпы узундугу 1,1 чакырым. Болжол менен анын 100 метр бөлүгү үстүндөгү унаалары менен бирге ылдыйдагы имараттардын үстүнө түшкөн. 

1967-жылы колдонууга берилген көпүрөнүн абалына буга чейин бир нече ирет сындар айтылып келген болчу. Акыркы ирет мындан эки жыл мурун оңдоодон өткөнү белгилүү.