10.07.2018 17:34

Японияда суу ташкынынан каза тапкандардын саны 156 адамга жетти

Японияда  суу ташкынынан каза тапкандардын саны 156 адамга жетти

Японияда 156 адам суу ташкынынын курмандыгы болду. Бул туурасында  бүгүн, 10-июль күнү өлкө бийлиги билдирди. Буга чейин 100 адам каза тапканы, дагы ондогондору дайынсыз жоголгондугу айтылган.   

Суу ташкынынын чыгышына жер көчкүсү себеп болгон. Ал үйлөрдү талкалап, жолдорду жана электр берүүчү линияларды жарактан чыгарган. Миңдей чарбалык дагы деле жарыксыз отурат. Өзгөчө жапа чеккен Хиросима префектурасы болду. Ошондой эле, Окаяма менен Эхимэ префектурасында да кыйроолор көп экени айтылат.

Азыр жаан токтоду, мындан улам, куткаруучулар жолду жана электр чубалгыларын калыбына келтирүү үчүн ылайды экскаватор менен шилеп таштоого аракет жасашууда. Адамдар акырындан үйлөрүнө кайтып, аларды калыбына келтирүү менен алек. 

Япон метеорологдорунун маалыматына караганда, жааган жаан-чачындар нормадан 3 эсе ашып кеткен.