14.05.2020 17:31

Япония жана Кореядан 43 кыргыз жараны мекенине кайтып келишти

Япония жана Кореядан 43 кыргыз жараны мекенине кайтып келишти

Бүгүн, 14-майда Бишкек шаарына Япониядан жана Кореядан Кыргыз Республикасынын 43 жараны кайтып келди. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады.

Азыркы учурда келгендердин бардыгы белгиленген тартипте өлкөнүн медициналык мекемелеринин бирине байкоо обсервацияга жайгаштырылды”, - деп айтылат маалыматта.  

КР ТИМнин маалыматы боюнча, чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын мүмкүн болушунча Кыргызстанга кайтарып алуу маршруттарын издөө боюнча иштер улантылууда.

Жалпысынан республика боюнча илдетке чалдыккандардын саны 1082 киши болду. Ичинен 735 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, 12 киши коронавирустан көз жумду.