28.02.2020 12:38

Коронавирус: Кыргызстандын жаранынан жугуштуу илдет табылды

Коронавирус: Кыргызстандын жаранынан жугуштуу илдет табылды

Жапониянын Иокогама портунда карантинге алынган «Diamond Princess» саякат кемесинде Кыргызстандын жараны коронавирус жугузуп алганы аныкталды. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди.

Кыргызстандын жараны вирус жугузуп алганын 26-февралда тапшырган анализинин жыйынтыгы көрсөткөн.

 «Мурдараак аны менен бир бөлмөдө жашаган адам вирус жуктуруп алып, ооруканага түшкөн. 26-февраль күнү мекендешибиздин анализи дагы коронавирус бар экенин көрсөттү», — деди Нурлан Абдрахманов.

Абдрахманов кыргызстандык бейтап учурда Жапониядагы ооруканалардын биринде дарыланып жатканын жана абалы жакшы экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, аталган лайнердеги кыргыз жараны тейлөө жаатында иштеген.

Жапониянын жээгине келген «Diamond Princess» саякат кемеси 3-февралдан тартып вирустун айынан карантинге алынган. Кемеде 3000ден ашык киши бар. Алардын ичинен 400дөн көбүнө коронавирус жукканы аныкталган болчу.