06.04.2018 17:11

"Нарын шумкарларынын" муз үстүндөгү ийгиликтери

"Нарын шумкарлары" клубунун мүчөлөрү - машыгып баштаганына жарым гана жыл болгон жаш балдар. Ага карабастан, Бишкектик спортчулардан калышпай, кошуна мамлекеттерде өткөн таймаштарда байгелүү орундарга ээ болуп келишет.

Шумкарларды муз үстүндө ишенимдүү кадам таштоого таптап жаткан машыктыруучу Александр Петров Россиядан келген. Ийгиликтин сыры жөнөкөй: устатты кичинекей хоккейчилердин укмуштай эрктүүлүгү шыктандырса, балдарды сүйүктүү машыктыруучусунун өз ишине терең берилгени жеңишке карай жетелейт.