12.09.2019 16:15

Хондалардын кагылышы. Балыкчы шаарында 3 унаа катышкан жол кырсыгы катталды (видео)

Хондалардын кагылышы. Балыкчы шаарында 3 унаа катышкан жол кырсыгы катталды (видео)

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 3 унаа катышкан жол кырсыгы катталды. Бул туурасында April.kg порталына окуянын күбөлөрү билдирип, тасмасын жөнөтүштү. 

Облустук ЖКККБ маалыматты тастыктады. Айтымдарында, кырсык кечээ, 11-сентябрь күнү саат 20:00 чамаларында шаардагы Абдрахманов-Интернациональная көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Honda CRV унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдун жээгинде токтоп турган Honda Inspire унаасын сүзүп, андан кийин жолдон өтүп бараткан Honda Stepwgn менен сүзүшкөн. 

«Кырсык эмне себептен келип чыкканын тергөө аныктайт. Бактыга жараша, курмандыктар жок. Эки адам жеңил жаракат алып, ооруканага көрүнүп, дароо үйлөрүнө кетишти»,-деп билдиришти облустук ЖКККБдан.