05.02.2019 18:03

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин маалымат жыйынынан үзүндүлөр

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин маалымат жыйынынан үзүндүлөр

Жакында эле президенттин кабылдамасында болуп, сын угуп чыккан ички иштер министри Кашкар Жунушалиев журналисттерди чогултуп маалымат жыйын өткөрдү. Чындыгында эле министр мырзага бериле турган суроо, айтыла турган сөз көбөйгөн. Анткени, форма ээлери тартипти көзөмөлдөбөй акыркы учурда өзүлөрү көп кылмыш кыла башташты. Мындай фактылар Кашкар Жунушалиев кызматтан кетет деген маалыматтардын пайда болушуна себеп болгон.