05.09.2018 10:38

III ДКО: Кыргызстан жаа атуу мелдешинен бир алтын медаль алды

III ДКО:  Кыргызстан жаа атуу мелдешинен бир алтын медаль алды

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан жаа атуу боюнча мелдеште кыргызстандык Асель Садырова алтын медаль утуп алды.

Маалыматка ылайык, Садырованын жеңиши кыргыз курамасынын эсебиндеги жаа атуу боюнча жалгыз медаль болуп калды.

Турнирге жалпысынан 23 мамлекеттен 53 спортчу катышкан. Мелдештер эркектер жана кыз-келиндер арасында өткөрүлдү.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Эркектер арасында:

  • 1-орун - Петер Налокз (Венгрия) 50 миң сом;
  • 2-орун - Лазко Козча (Венгрия) 30 миң сом;
  • 3-орун - Виктор Елиссев (Орусия) 15 миң сом.

Кыз-келиндер арасында:

  • 1-орун - Асель Садырова (Кыргыз өлкөсү) 50 миң сом;
  • 2-орун - Татьяна Павлова (Орусия) 30 миң сом;
  • 3-орун - Евдокия Петрова (Орусия) 15 миң сом.