04.09.2018 09:57

III ДКО: Кыргызстандын алыш күрөшү боюнча курамасы 8 медаль утту

III ДКО: Кыргызстандын алыш күрөшү боюнча курамасы 8 медаль утту

Кечээ, 3-сентябрда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Чолпон-Ата шаарында алыш күрөшү боюнча мелдеш өттү.  Бул туурасында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Күрөштүн бул түрү боюнча 35 мамлекеттен келген 145 спортчу таймашып, Кыргызстан курама командасы эркектер жана аялдар арасында бардык 12 салмактык категория боюнча күч сынашты. 

Жыйынтыгында, эркектер арасында кыргызстандык спортсмендер 4 медаль утуп алышты: 1 алтын, 1, күмүш жана 2 коло. Алтын медалды Эсенбек Кудайбердиев 80 кг салмакта утуп алды. 

Аялдар арасындагы таймашта кыргызстандыктар дагы 4 медаль алышты. Алардын бири алтын, 2 күмүш жана 1 коло. Алтын медалга Бахтияр кызы Нурзат ээ болду. Ал 65 кг салмакта күрөштү.