ИИМ орун басары алмашты. Абдыкаровдун ордуна Каниметов келди

ИИМ орун басары алмашты. Абдыкаровдун ордуна Каниметов келди

Данияр Абдыкаров ички иштер министринин орун басары кызматынан бошотулду. Бул туурасында буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына караганда, өкмөт башчынын башка буйругу менен Каниметов Мирлан Дотанович Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды.