22.06.2018 08:30

Индияда кичиавтобус менен трактордун кагылышынан 12 адам каза тапты

Индияда кичиавтобус   менен трактордун кагылышынан 12 адам каза тапты

Индиянын борбордук бөлүгүндө трактор менен автобустун кагылышуусунан кеминде 12 адам каза тапты. Бул туурасында  India TV билдирди. 

Адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы Мадхья-Прадеш штатынын Морена шаарында катталды. Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыкка жогорку ылдамдыкта келип, маршрутканы сүзгөн трактордун айдоочусу күнөөлүү. 

Кичиавтобустагы жүргүнчүлөр Гурган кыштагына жумушка баратышкан. Кырсыкты жергиликтүү полиция изилдеп жатат.