02.07.2018 10:48

Индияда жүргүнчү ташыган автобус капчыгайга кулап, кырктан ашык адам каза тапты

Индияда жүргүнчү ташыган автобус капчыгайга кулап, кырктан ашык адам каза тапты

Түндүк Индияда жүргүнчүлөрдү ташыган автобус  капчыгайга кулап, жыйынтыгында  48 адам набыт болду. Бул тууралуу «Анадолу» агенттиги  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын  өкүлү  Тривендр Равага таянып билдирди. 

Жол кырсыгы  Индиянын түндүгүндөгү Уттаракханд  штатында болгон. Жүргүнчулөрдү ташыган рейстик автобустун айдоочусу рулду башкара албай калып, жыйынтыгында унаа капчыгайга кулап кеткен.  Азыркы учурда издөө-куткаруу иштери жүрүп жатат.