01.06.2018 13:29

Инвесторлор Ысык-Көлдөгү пансионатка олимпиадалык база курууга каражат жумшоого даяр

Инвесторлор Ысык-Көлдөгү  пансионатка олимпиадалык база курууга  каражат жумшоого даяр

Ысык-Көлдөгү «Солнышко» пансионатына олимпиадалык база курууга инвесторлор 30 млн долларга чейин каражат жумшоого даяр. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясында өлкөдө дене-тарбия жана спортту өнүктүрүү маселеси боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда Улуттук олимпиадалык комитеттин төрагасы Шаршенбек Абдыкеримов билдирди.  

«Солнышко» пансионатынын аймагында көптөгөн жеке менчик коттедждер да бар экенин эске салган депутат Кожобек Рыспаев анда эс алгандар спортсмендердин машыгуусуна жолтоо болбор-болбосуна кызыкты.

Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча агенттиктин башчысы Канат Аманкулов пансионаттын аймагы эки бөлүнгөнүн, ошондуктан спортсмендер эч кимге жолтоо болбой турганын айтты. «Жакында Азия олимпиадалык комитетинин башчысы келип, олимпиадалык база жайгашкан жердеги абал жана анын долбоору менен таанышкан соӊ, аны ишке ашырууга 5 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлүүгө макул болду», - дейт ал.