08.01.2020 15:45

Иранда кыйроого учураган учакта кыргызстандыктар жок

Иранда кыйроого учураган учакта кыргызстандыктар жок

Иранда кыйраган украиналык авиакомпанияга таандык учактын бортунда Кыргызстандын жарандары болгон эмес.  Бул тууралуу КР ТИМнин басма сөз кызматы кабарлайт.

Белгилейт кетсек, бул маалыматты Ирандагы Кыргызстандын элчилиги тиешелүү кызматтардан тастыктаганын кошумчалады.

Учактые бортунда Иран, Канада, Германия, Улуу Британия, Швеция жана Афганистандын жарандары, ошондой эле украиналык экипаж мүчөлөрү болушкан.

Эске салсак, бүгүн, 8-январда таң эрте 179 жүргүнчүнү ташып бараткан украиналык лайнер Имам Хомейни атындагы эл аралык аэропорттун жанында кыйраган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыктын себеби техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам келип чыккан.