26.02.2020 15:36

Ырчы Мирбек Атабековдун жубайы көз жарып, үч баланын атасы болду

Ырчы Мирбек Атабековдун жубайы көз жарып, үч баланын атасы болду

Мирбек Атабеков менен Мээрим Төлөпберген бүгүн кыздуу болушту. Бул тууралуу ырчы өзүнүн инстаграм баракчасында билдирди.

“Аллага миң мертеден чексиз шүгүр! Достор сүйүнчү, азыр эле дагы бир кыздуу болдум!”, - дейт Мирбек Атабеков.

Түгөйлөр кызына Сүйүү деген ысым коюшкан. Айрым маалыматтарга караганда, Мээрим Төлөпберген АКШда көз жарган. Ал мурунку чурпөлөрүн дагы Америкада төрөп келген.

Түгөйлөрдүн тун уулу Адам, андан кийинки кызы Ыйман.