IRI уюмунун изилдөөсү: КСДП Кыргызстандын көйгөйлөрүн чече турчу партия деп табылды
“Өлкөнүн көйгөйлөрүн ким чече алат?” Дал ушундай суроого кыргызстандыктар жооп беришип, мамлекеттин маселелерин Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы чече алат деп, аны биринчи орунга коюшкан. Тиешелүү сурамжылоону (IRI).эл аралык республикалык институтут жүргүзүп, иликтөөсүнүн жыйынтыгын чыгарды.
Тагыраагы, КСДП жарандардын 17 % добушуна эээ болуп, алдыңкы үч орундун бирине илинген. Биринчиликте «Республика» (18%) добуш менен. Үчүнчү орунда «Ата-Журт» (9%).
Сурамжылоо Кыргызстанда 21-ноябрдан тартып, 2019-жылдын 3-декабрына чейин созулган. Аны үймө-үч кыдырып жүргүзүшкөн.
Изилдөөгө шайлоого укугу бар 18 жаштан жогору болгон 1 483 адам катышкан.
Сурамдылоонун жыйынтыгы тууралуу кененирээк тиркеме аркылуу өтүп, окусаңыздар болот.
Толуктоо. IRI – бул коммерциялык эмес уюм. Анын максаты демакратияны куруу боюнча айрым өлкөлөргө жардам берүү.
Аталган уюм Кыргызстанда саясий, экономикалык, социалдык, эл аралык жана шайлоо маселелери боюнча коомдук пикирди байкоо үчүн байма-бай сурамжылоо жүргүзүп турат.
Жыйынтыктарын жарыялаган соң, IRI уюму топтолгон маалыматты саясий партиялардын ишин илгерилетүү үчүн тренингдерди өткөрүп турат.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: