17.02.2020 11:02

IRI уюмунун изилдөөсү: КСДП Кыргызстандын көйгөйлөрүн чече турчу партия деп табылды

IRI уюмунун изилдөөсү: КСДП  Кыргызстандын көйгөйлөрүн чече турчу партия деп табылды

“Өлкөнүн көйгөйлөрүн ким чече алат?” Дал ушундай суроого кыргызстандыктар жооп беришип, мамлекеттин маселелерин Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы чече алат деп, аны биринчи орунга коюшкан. Тиешелүү сурамжылоону (IRI).эл аралык республикалык институтут жүргүзүп, иликтөөсүнүн жыйынтыгын чыгарды.

Тагыраагы, КСДП жарандардын 17 % добушуна эээ болуп, алдыңкы үч орундун бирине илинген. Биринчиликте «Республика» (18%) добуш менен. Үчүнчү орунда «Ата-Журт» (9%).

Сурамжылоо Кыргызстанда 21-ноябрдан тартып, 2019-жылдын 3-декабрына чейин созулган. Аны үймө-үч кыдырып жүргүзүшкөн.  

Изилдөөгө шайлоого укугу бар 18 жаштан жогору болгон 1 483 адам катышкан.

Сурамдылоонун жыйынтыгы тууралуу кененирээк тиркеме аркылуу өтүп, окусаңыздар болот.

Толуктоо. IRI – бул коммерциялык эмес уюм. Анын максаты демакратияны куруу боюнча айрым өлкөлөргө жардам берүү.

Аталган уюм Кыргызстанда саясий, экономикалык, социалдык, эл аралык жана шайлоо маселелери боюнча коомдук пикирди байкоо үчүн байма-бай сурамжылоо жүргүзүп турат.  

Жыйынтыктарын жарыялаган соң, IRI уюму топтолгон маалыматты саясий партиялардын ишин илгерилетүү үчүн тренингдерди өткөрүп турат.