21.05.2020 15:38

Ирина Карамушкина башкы прокурорго ишенбөөчүлүк көрсөттү

Ирина Карамушкина башкы прокурорго ишенбөөчүлүк көрсөттү

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун 2019-жылдагы отчетун угушту.

Депутат Ирина Карамушкина башкы прокурорго ишенбөөчүлүк көрсөттү. Анын айтымында, Башкы прокуратура "саясий оппоненттерге" карата кылмыш ишин козгоп жатат, бирок ошол эле учурда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтырынын азырдарын карабай жатат.

«2019-жыл Кыргызстандын жаңы тарыхында бийликтин мыйзамсыз аракеттери үчүн сынга алган жарандардын эркиндигин чектеген кара так катары кирет. Бул мыйзам бузуу!

Кеп, экс-президент Алмазбек Атамбаевде эмес, мыйзамдарды бузгандыкта. Эми азыр саясий оппоненттери соттоп жатышат.

Мунун баары Башкы прокуратуранын саясий буюртманы аткарышынан улам ушундай болуп жатат.

Мени жана менин жолдошторумду биз жасабаган кылмышка айыптап жатышат. Убакыт келет, биз аны далилдейбиз.

Бардык иштер саясий буйрутма экендиги, биздин азырдардын бирөөнө да карата Башкы прокуратура  сотко чейинки өндүрүш баштабай жатканы айтып турат.

Мисалга, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңсесиндеги тыңшоочу жабдыктарга карата кылмыш ишинин тагдыры эмне болду? Юстиция министрлигинин кызмат адамдарына карата юридикалык жактардын бирдиктүү реестрине өзгөртүүлөрдү киргизгендигине карата? Анда  КСДП жетекчилигине  Сагынбек Абдрахмановду каттаган, ал партиянын мүчөсү эмес болчу. Ошондой эле партия мүчөлөрү ЖЭБди модернизациялоо жөнүндө мыйзамды ратификациялоодо экс-спикер Асылбек Жээнбековдун  кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы боюнча арыз менен кайрылышкан.

Эмне үчүн биздин арыздар боюнча Башкы Прокуратурада иш катталган жок?

Отчетто эмне үчүн Алмазбек Атамбаевге карата кылмыш иши кантип козголгону тууралуу фактылар жок. Анын ичинде "Альфа" атайын күчтөрү тарабынан жай тургундар жашаган жеке аймакка аскердик чабуул жасалганы тууралуу. 800дөн ашык адам бийлик органдарынын аракеттерине арыз берген, бирок бирөөдө да иликтөө башталган эмес.

Ошондуктан мен сизге ишенбөөчүлүк көрсөтөм. Жарандардын укугу бузулганы үчүн кызматтан кетүүңүздү талап кылабыз», - деп Карамушкина сөзүн аяктады.

Башкы прокурор Жамшитов Ирина Карамушкина өтө оор кылмыш боюнча шектүү катары өтүп жатканын эскертти. Ошондой эле  «ишти саясий буйрутма деп айтууга болбой турганын» кошумчалады.

«Сиз тараптан айтылган сын тууралуу эч кандай саясий буюртма жок. Жөнөкөй кылмышты ар кандай боек берип айтканыңар туура эмес. Мыйзамды угуп, убагында келип койсо ушунун баары болмок эмес. Мыйзамды сыйлабай, «каалаганымды кылам» дегендин айынан «Альфанын» кызматкери каза болуп, канча адам ыйлап отурат. Сиздин жана башка шектүүлөрдүн кылмыштары материалдар менен далилденген. Күнөөңөрдү далилдөөгө толук даярбыз», - деди Жамшитов.

Прокурор жарандардын кайрылууларынын баары боюнча текшерүүлөр болуп жатканын билдирди.