12.12.2019 11:53

Ирина Карамушкина: Президентти сындаганды уланта берем. Анткени укугум бар

Ирина Карамушкина: Президентти сындаганды уланта берем. Анткени укугум бар

Бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңеш Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыгын талкуулап жатат.

Отурумда депутат Ирина Карамушкина сөз сүйлөп, Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу иш боюнча өкүм маселесин дагы кыстара кетти.

Айтымында судья Инара Гилязетдинованын чечими жагыныш үчүн болгон. Анткени эч кандай пара алуу, жемкорлук боюнча далилдер табылган эмес.

«Бул жаңы соттук реформабы? Жагыныш үчүн жаңы жүздөрдү дагы отургузса болот. Кой-Таш окуясы боюнча иликтөө дагы ЖЭБдегидей эле болот деген ишеничтемин. Эмнеге мамлекеттик комиссияны вице-премьер Жеңиш Разаков жетектеди? Ал өзүн жана кол алдындагыларды жазалайбы? Корутундуда баары объективдүү эмес жазылган. Мен мындан ары да президентти сындай берем», — деди депутат Ирина Карамушкина.

Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссия премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен 29-августта түзүлгөн. Анын курамына вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, депутаттар, өкмөттүн өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана эксперттер кирген. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөөгө күбө катары күч менен алып келүү боюнча операция ушул жылдын 7-августунда уюштурулган. Ага УКМКнын «Альфа» ыкчам тобунун аскерлери тартылган.