04.11.2019 15:12

Ирина Карамушкина президенттин Матраимов тууралуу айтканына комментарий берди

Ирина Карамушкина президенттин Матраимов тууралуу айтканына комментарий берди

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Сооронбай Жээнбековдун Матраимов тууралуу айтканына комментарий берди.

«Бир кезде Алмазбек Шаршенович дагы Икрам Илмиянов тууралуу сүйлөшүп калсак, элдер анын үстүнөн арызданып жатканын айтып калчу эле. Ал аны коргоп, аябай ишенчү. Ал дагы ошентип «Факты берсеңер, мен аны отургузам» дечү. Мен арыздануучуларга Икрам боюнча факты же далил сурап кайрылганда, алар баштарын чайкап, жылмайып коюшчу жана коркушчу... Баары бир убактысы келгенде Икрамды тагдыр өзү жазалады. Байкасаңар, бир дагы партиялашы аны коргоп сөз айткан жок, демек баары билип туруп, унчуккан эмеспи? Р. Матраимов менен дал ушул нерсе кайталанууда... Ар бир Президенттин «шкафында өз скелети бар», - деди Ирина Карамушкина.

Эскерте кетсек, 2-ноябрда өткөн ЖМК өкүлдөрү менен жолугушууда Сооронбай Жээнбеков Матраимов жөнүндө «Аны коррупциянын символу катары мага жабыштырып коюу аракеттери жүрүүдө. Алар иштеп чыккан схемаларды мага илгилери бар. Фактыларды бергиле. Органдар териштирип чыгышат. Баары эле айтышат, бирок эч ким далилдеп бере албайт», — деген.