05.11.2018 11:17

Иса Өмүркуловдун тагдыры фракция жыйынында чечилет

Иса Өмүркуловдун тагдыры фракция жыйынында чечилет

Өткөн аптанын эң эле талкууланган темасы Иса Өмүркуловдун партиядан чыгарылышы болду. КСДПнын саясий кеңеши чогулуп, чечим чыгарган күнүдүн эртеси эле Өмүркулов шыр эле журналисттерди топтоп, саясий кеңештин чечими легитимсиз деп жар салды. Мурунку үзөнгүлөштөрүнүн чечимин чыккынчылык катары баалап, өзүнүн буга чейинки аракеттерине баа берген жок. Эмнеге бир уучу адам менин тагдырымды чечет дегенсип, чечимге түшүнбөй жаткандай түр көрсөттү.

Бирок баары эле түшгүнүп турат, эмнеге экенин. Анын фракциялаштары коркоктук, а тугүл анын акыркы кадамдарын саткынчылык, чыккынчылык катары да сыпаттап, ачык эле айтышпадыбы.