28.08.2019 18:40

Исаковдун жактоочусу: УКМК өкүлү дарыгерлердин кандай корутунду чыгараарын алдын-ала билген

Исаковдун жактоочусу: УКМК өкүлү дарыгерлердин кандай корутунду чыгараарын алдын-ала билген

Сапар Исаков тууралуу дарыгерлер бүгүн кандай корутунду чыгараарын УКМКнын өкүлү кечээ эле билген. Бул тууралуу мурунку өкмөт башчынын жактоочусу Нурбек Токтакунов Фейсбуктагы баракчасында билдирди. 

Анын айтымында, кечээ Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысы Нурлан Оморов Сапар Исаковдун абалы тууралуу бүтүм 28-августта, кошумча изилдөөлөрдөн кийин чыга турганын билдирген. Бирок Свердлов райондук соту ЖЭБ боюнча ишти ишенимдүү түрдө саат 14:00гө жылдырып, тараптарга соттук отурум сөзсүз өтө турганын убадалаган.

«Демек, УКМКнын өкүлү «бүгүн чыгарылды» деген корутунду жөнүндө кечээ эле дарыгерлердин консилиуму учурунда билген. Анан шашылыш түрдө Исаковду Тергөө абагына которуп, ал жактан оорулуу адамды сотко алып барышты», - деген тыянакка келет Токтакунов.

Эскерте кетсек, 16-август Сапар Исаков «кыр арка омурткасындагы тамырларда кан айлануунун бузулушу» деген диагноз менен Улуттук госпиталга жаткырылган. Бул себептүү ЖЭБ боюнча соттук териштирүүлөр убактылуу токтотулган. 

Бүгүн, 28-августта  эртең менен абалынын оордугуна карабастан, Сапар Исаковду УКМКнын Тергөө абагына которушканы белгилүү болгон. Ал жактан саат 14:00дө Свердлов райондук сотуна процесске катыштырууга алып барышкан.