13.06.2018 09:28

Иштамберди кенин жабууну талап кылган митинг өттү

Иштамберди кенин жабууну талап кылган митинг өттү

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука-Чаткал жолундагы Иштамберди кенин иштетүүгө каршы жергиликтүү тургундар митингге чыгышты. Бул маалыматты Ала-Бука районунун акими Эмилбек Абдыкадыров “Азаттыкка” ырастады.

Анын айтымында, митингге чыккандар менен өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жолукту.

Жергиликтүү тургун Бекжан Станбековдун билдиришинче, митингге чыккан 200-300дөй адам ишкана мыйзамсыз иштеп жатканын белгилеп, экологиялык зыяндарын текшерүүнү жана элге компенсация төлөп берүүнү, зыяндуу заттарды колдонууга тыюу салууну жана калдыктарды башка жакка чыгарууну талап кылышты.

Ошондой эле чогулгандар бийлик алардын талабын укпай келатканын белгилешти. Сатыбалдиев жолугушууда эртең Бишкектен өкмөт мүчөлөрү менен тиешелүү адистер келип, тургундар менен жолугушарын билдирди.

Иштамберди алтын кенин кытайлык инвесторлорго таандык “Фулд Голд Майнинг” фирмасы иштетет жана анда 600дөй адам иштейт.

11-апрелде Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда "Жи Эл Макмал Девелопинг" компаниясынын ишмердигине каршы жергиликтүү тургундар нааразылык акциясына чыгышкан. Акция учурунда ишканага таандык, жаңы курулуп жаткан имарат өрттөлүп, милиция кызматкерлери сабалганын ИИМ кабарлаган.

Бул боюнча Ички иштер министрлиги “Ээнбаштык" жана "Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу" беренелери менен кылмыш ишин козгоп, 15 киши кармалган.