29.05.2020 12:03

Ысык-Көлдүн жээгинде сасыган суюктук пайда болду (сүрөт, видео)

Ысык-Көлдүн жээгинде сасыган суюктук пайда болду (сүрөт, видео)

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы көл жээгинде сасык суюктук пайда болду. Түшүнүксүз көрүнүшкө кабатыр жарандар “Апрель” редакциясына кайрылышты.

Алардын айтканына караганда, мындай көрүнүш бир аптадан бери байкалууда. Кочкул сары түстөгү суюктук пайда болгондон кийин, жээктеги суу көбүрүп чыгууда. Ошол эле маалда ал өтө жагымсыз жыттанаарын белгилешкен.

«Көлдүн толкуну жээкке жеткенде, суунун үстүн сары суюктук каптайт. Кумду бут менен чукуп көрсөк, сары зат суу менен аралашып, көлдүн үстүнө жайылууда», - деп көлдүктөр кабарлашты.

Жергиликтүү тургундар шаардын мэриясына, “Сууканалга” жана мамэкотехинспекцияга кайрылышкан.