31.03.2020 17:46

Ысык-Көл облусунда эки аптанын ичинде 5 өспүрүм жанын кыйды

Ысык-Көл облусунда эки аптанын ичинде 5 өспүрүм жанын кыйды

Ысык-Көл облусунда өз өмүрүнө кол салган балдар арбыды. Жарым айдын ичинде өз өмүрүн 5 тестиер кыйган. Бул тууралуу маалымат каражаттарына өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Элмира Усенова билдирди.

Маалыматка караганда, окуялар Балыкчы шаарында Ысык-Көл, Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Тоң райондорунда катталган. Балдардын жаш курагы 11 жаштан 14 жашка чейинки өспүрүмдөр болушкан.

 "Алар үй-бүлөлүк ар кандай пикир келишпестиктен улам жанын кыюуга барган экен. Азыр балдарга өзгөчө көңүл буруш керек. Анткени алар карантиндин айынан 24 саат бою ата-энесинин кароосунда болуп жатат. Ата-энелерди ачууланбай, балдарды катуу урушпай, сабырдуу болууга чакырам. Биз мончоктой балдарыбыздан ажырадык, өтө кейиштүү", - дейт Элмира Усенова.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.

Эске салсак, бүгүн, 31-мартта жаңы учурлар Ысык-Көл облусунда дагы катталган. Бардыгы болуп илдетти жуктургандардын саны 107 кишиге жетти.

Коронавирусу аныкталган бейтаптардын 58 аял, 49 эркек, алардын ичинен 15 бала, ошондой эле 1 жашка чейин эки наристе жана 31 улгайган адам.

25-марттан 15-апрелге чейин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өзгөчө абал жарыяланып, базарлар жана башка жайлар, мекемелер убактылуу жабылды.