19.04.2020 16:34

Ысык-Көл облусунда жарандар эми бир эле пост аркылуу кирип-чыга алышат

Ысык-Көл облусунда жарандар эми бир эле пост аркылуу кирип-чыга алышат

Бүгүн, 19-апрелде, Ысык-Көл облустук ыкчам штабы жарандардын кирүүсүн бир гана "Ак-Кеме" экологиялык посту аркылуу жүргүзүү боюнча чечим кабыл алды.

Маалыматка караганда, коопсуздук чараларына байланыштуу  "Кызыл-Омпол" аймагындагы пост аркылуу чыгууга гана болот.

Мындан сырткары облустук штаб өкмөткө кыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра" сезондук өткөрүү пунктун ачпай турууну сунуштады. "Каркыра" текшерип өткөрмө посту 1-майдан тартып 1-ноябрга чейин иштечү.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 19-апрелге карата коронавирус жуктурган 48 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 554кө жетет. Алардын ичинен 133 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.