08.04.2019 09:18

Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынан 3 адам жабыркады, алардын бири - беш жаштагы бала

Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынан 3 адам жабыркады, алардын бири - беш жаштагы бала

Ысык-Көл облусунда болуп өткөн жол кырсыгынан 3 адам жабыркады. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 5-апрель күнү саат 16:35 чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда катталган. Анда «БМВ» жана «Фольксваген Гольф-3» унаалары бетме-бет сүзүшкөн.

«Түп районунун 30 жаштагы тургуну өзүнүн «Фольксваген Гольф-3» унаасын айдап бара жатып, карама-каршы тилкеде келе жаткан «БМВ» унаасы менен сүзүшкөн. «БМВнын» рулунда 40 жаштагы Бишкек тургуну болгон. Кырсыктан эки унаанын айдоочулары жана 5 жаштагы бала Балыкчы шаардык оорукананын жандандыруу жана сыныктар бөлүмүнө жаткырылган. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалды», - деп билдирет басма сөз кызматкери.