Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынан бир үй-бүлөнүн 4 мүчөсү каза болду
Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынан бир үй-бүлөнүн 4 мүчөсү каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 5-апрелге караган түнү саат 00:30 чамасында Бактуу-Долоноту айылына жакын жерде эки унаа кагышканы боюнча маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунун 84-чакырымында «Фольксваген Гольф-3» жана «Тойота Ист» унаалары сүзүшкөнүн аныкташкан.
«42 жаштагы Чүй облусунун тургуну К.М. өзүнүн «Фольксваген Гольф-3» унаасы менен чыгыштан батышты карай бара жатып, 56 жаштагы Түп районунун тургуну Д.Ш. айдап бара жаткан унаа менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен «Фольксваген Гольф-3» унаасынын айдоочусу, анын 41 жаштагы аялы, 5 жана 4 жаштагы эки баласы алган жаракаттарынан улам жеринде каза болушкан. Ал эми «Тойота Ист» унаасында жүргүнчү катары бара жаткан 37 жаштагы К.М. жана айдоочунун 6 жаштагы кызы М.Н. жана дагы бир жүргүнчү денесинен ар кандай жаракаттарды алышып, Ысык-Көл райондук ооруканага жеткирилген», - деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда жол кырсыгы тууралуу бардык маалыматтар чогултулууда.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: