30.05.2018 10:57

Ысык-Көл облусунун эли кардын кесепетинен 20 миллион сомдон ашык зыянга учурады

Ысык-Көл облусунун эли кардын кесепетинен 20 миллион сомдон ашык зыянга учурады

Ысык-Көл облусунун жайыттарына түшкөн кар жана катуу шамал облус жарандарын канча чыгымга учуратканы такталып чыкты. Бул туурасында ӨКМден билдиришти. 

Маалыматка караганда, Ысык-Көл районунда 2 миң 941 кой-эчки, 87 баш уй, 111 баш жылкы өлгөн. Район боюнча 17 миллион 637 миң 600 сом чыгаша келтирилген.

Ак-Суу районунда 139 баш кой-эчки, 4 уй, 7 жылкы өлгөн. Район боюнча 1 миллион 67 миң сом чыгаша келтирилген.

Түп районунда 59 баш кой-эчки өлгөн. Чыгаша 236 миң сомду түзгөн.

Тоң районунда 240 баш кой-эчки, 7 баш уй, 1 баш жылкы өлгөн. Район боюнча 1 миллион 387 миң 80 сом чыгаша келтирилген.

Жалпы-жонунан облуста  3379 кой-эчки, 98 баш уй жана 119 жылкы кырылган. Малчылар тарткан чыгым жалпысынан 20 миллион 327 миң 680 сом деп эсептелинүүдө.