05.06.2018 10:12

Тажикстанда суу ташкыны 2 миллион доллардан ашык зыян алып келди

Тажикстанда суу ташкыны 2 миллион доллардан ашык зыян алып келди

Тажикстан түштүгүндө тынымсыз жааган нөшөрлүү жамгырдан улам башталган суу ташкыны 2 миллион доллардан ашык зыян алып келди. Расмий маалыматтар боюнча жаратылыш кырсыгынан үч жергиликтүү тургун каза болду.

4-июнда Хатлон облустук акимчилигинин кызматкери Фаридун Давлатов атайын түзүлгөн комиссия суу ташкын келтирген зыяндын өлчөмүн аныктоо иштерин аяктаганын билдирди.

«Кырсык 16-21-май күндөрү облустун төрт районунда болуп, жалпысынан 19,5 миллион сомони (2 миллион доллардан ашык) өлчөмүндө зыян келтирген. Баарынан да Пянж жана Фархор районунун жашоочулары көп чыгымга учурашты. Учурда атайын кызматтар менен жергиликтүү бийлик жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюп, жабырлануучуларга жардам берип жатышат», - деди ал.

​Тажик өкмөтүнүн алдындагы Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитети селден улам аймакта 30га жакын турак-жай толугу менен бузулуп, жүздөгөн майда курулуштарды суу каптап, жолдор жарактан чыкканын кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, селден Фархор районундагы Сурхоб айылынын 25 жаштагы тургуну каза болгон.