30.05.2019 11:01

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында мектеп окуучусу көлгө чөгүп каза болду

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында мектеп окуучусу көлгө чөгүп каза болду

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында мектеп окуучусу көлгө чөгүп каза болду.  Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык кечээ, 29-майда кечке жуук болгон. «Пристань-Пржевальск айылында 15 жаштагы А.Э.аттуу бала көлгө чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат «102» кызматына саат 17:40 чамасында түшкөн. Издөө иш-чараларын жүргүзүүгө ӨКМден жалпы 9 куткаруучу барган. Саат 19:57де баланын жансыз денеси көлдүн жээгинен табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген», - деп билдирет басма сөз кызматы.

Облустук милиция кырсык болгонун тастыктады. Басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакуновдун айтымында, бала көлгө классташтары менен барган. 

«8-классты бүткөн бала классташтары менен көлгө эс алганы барыптыр. Ал жерде кичинекей булуң бар болчу. Булуңдун 2 жээгинин аралыгы 12-13 метрдей болот. Жергиликтүүлөр  ошол жерден ары-бери сүзүп өтүп, ойношчу.  Классташтарын суракка алганда алар маркум аркы өйүзгө сүзүп баратып чөгүп кеткенин айтышты. Тарамышы түйүлүп калды го деп божомолдоп жатабыз. Денени өлүкканага киргиздик. Бул факт  бирдиктүү реестрге каттоого алынып, кылмыштын курамы жоктугун далилдеш үчүн экспертиза дайындалды», - деп билдирди ал.