13.02.2019 10:10

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жасалган оор кылмыштын бети ачылды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жасалган оор кылмыштын бети ачылды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жасалган оор кылмыштын бети ачылды. Бул туурасында облустук милициядан билдиришти.

Буга чейин, 12-февраль күнү шаардагы унаа базардын жанынан 18 жаштагы мектеп окуучусунун таякталып өлтүрүлгөн денеси табылганы маалымдалган. Бул факт боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери кылмыштын изи сууй электе ага тиешеси бар 8 шектүүнү кармашты. Алар Каракол шаарынын 19 жаштагы тургуну Н.Т. жана маркум окуган №5 Некрасов атындагы орто мектептин жогорку классынын окуучулары, 17 жаштагы Ж.С., К.А., Д.А., С.Д., А.А., жана 16 жаштагы Т.Т., Т.Э. болушкан. Алар өз күнөөлөрүн моюнга алышкан.

Алгачкы суракта алынган маалыматка караганда, балдар мындай кылмышка маркум менен болгон жаман мамиледен улам барышкан. Кармалгандардын айтымында, өткөн жылдын декабрь айында маркум алардын бирөөсүн сабап туруп, телефонун тартып алган. Мындан улам, кек сактап калган балдар андан өч алууну чечишкен. Түн ичинде үйүнөн чакырып чыгышып, четирээк алып барып, жыгач таяк менен өлтүрө сабашкан.

Бардык кармалгандар Каракол шаарынын ИИБинде кармалып турушат жана 130-берене боюнча териштирүү иши жүрүүдө.